Жаңылыктар
Күндүн темасы: ХААСП системасынын талаптары менен артыкчылыктары
Экономика
Күндүн темасы: ХААСП системасынын талаптары менен артыкчылыктары

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өлкөдөгү ишканалардын ХААСП системасына киргизүү үчүн кредиттик жардам берет. Бул тууралуу экномика министрлигиндеги семинарда белгилүү болду. Анда фонддун жетекчиси Эркин Асрандиев тамак-аш продукциялардын сапатын жогорулатуу жана системанын алкагында өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгаруу боюнча маалымат берди. Аг ылайык ишкананын ээси ХААСП системасына кошулуу үчүн кыргыз-орус өнүктүрү фондунан 5 жылдык мөөнөткө женилдетилген насыя алса болот. Кредит доллар менен 5 пайыз, сом менен  10 пайыз өлчөмүндө берилип, аталган сумма ишканага кошумча жабдык сатып алууга, имаратты курууга, ремонт кылууга жалпылап алганда ХААСП системасын киргизүүгө жумшалат.

Мейман: Экономика министрлигинин алдындагы тамак аш коопсуздук боюнча системасынын эксперти Айгүл Апсутова, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эксперти Амангелди Имарбеков. Тойбосс ишканасынын  директору Мырза Орунбаев.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"