Айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланктары жарандарга жеткиликтүү болот. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланктарды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы күбөлүктү даярдоо боюнча сынактын жыйынтыгында «Госзнак»
Жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчүлөрдүн бири болгонун белгиледи. Өкмөт башчынын билдирүүсүндө, айдоочулук күбөлүктүн бланктарынын баасы 90 %га чейин кыскарды. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет.
Жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Ал Кыргызстандын аймагында гана эмес, анын чегинен тышкары дагы ишенимге ээ болот. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып турат. Атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болот.
Эске салсак, мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон 52 сомго чейин арзандады. Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.
Бул жакшы мүмкүнчүлүк документтерди даярдоо ишин ата мекендик компания жүргүзүп жаткандыгынан улам түзүлүүдө. Эми баасы валюталар курсуна көз каранды болбойт. Ошондой эле, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында өлкө жарандары үчүн да, тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн да айдоочулук күбөлүктү алуудагы керектүү документтердин саны кыскарат,- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.