"Карылар күнү" майрамында Кара-Буура районунун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын ИИОнун 70 жаштан ашкан 4 ардагерин, Кара-Буура РИИБтин жетекчиси, милициянын полковниги Асрол Тантиев өздүк курамы менен куттукташып, белектерин беришти. Бул тууралуу Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек билдирди.
-Шекер айылынын тургуну, 1936-ж.т. Жумабай Үметалиев, милициянын майору.
-Кызыл-Адыр айылынын тургуну, 1938-ж.т. Жалабек Кожомкулов, милициянын майору.
-Кызыл-Адыр айылынын тургуну, 1946-ж.т. Али Шарипов, милициянын прапорщиги.
Аманбаев айылынын тургуну, 1948-ж.т. Анарбек Иманалиев, милициянын полковниги.