Жаңылыктар
Кара-Буурада жашаган муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буурада жашаган муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

3-декабрь, Майыптар күнүнө карата Көк-Сай жана Кайнар айылында жашаган муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул тууралуу Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек кабарлады.

Анын айтуусунда, Кара-Буура РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен аталган райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Көк-Сай айылынын эки тургуну Нургиза Анарбаева жана анын кызы Замир кызы Тунука жардам иретинде 3000 сомдон беришти.

Мындан тышкары Кайнар айылынын жашоочусу Гүлнара Карабаевага да жардам берилди.