Жаңылыктар
Калктын көйгөйү президенттин көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Калктын көйгөйү президенттин көзөмөлүндө

Калктын көп сандаган көйгөйлөрү жергиликтүү деңгээлде чечилбегендиктен, жарандар арыз дооматтары менен президентке түз кайрылууга мажбур. Кечээ өлкө башчысы Жети-Өгүз районунда элдин суроолорун укту. Мына ушундай жолугушуулар карапайым калктын өлкө башчысы менен түз байланышына шарт түзүүдө. Президентке карата элдин ишеними жогорулаганы жакшы жышаан, ошол эле учурда бул жагдай тиешелүү мамлекеттик мекеме жетекчилери менен жарандардын ортосунда байланыштын жоктугунан кабар берет.

Жети-Өгүздүктөрдө дагы жүрөк өйүткөн көп маселе бар. Ар бир аймакта көтөрүлө жүрчү мектеп бала бакча сыяктуу социалдык объектилердин жетишсиздиги, таза суу, ирригация маселеси, мугалим дарыгерлердин айлыгы, ага катар жол курулуштары негизги көйгөйлөрдөн десе болот.

Президенттин атына сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын аракетине даттангандар да көп. Жети-Өгүз районунда айыл тургундары милиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы баланын өлтүрүлгөнүн айтып, коңгуроо кагышты.

Сооронбай Жээнбеков бул факты президенттин алдында расмий кайрылуу катары айтылгандыктан тыкыр текшерүүгө алууну тапшырды. Укук коргоо органдарындагы башаламандыкка арыздангандар бул өңдүү жыйындарда четтен чыгат. Былтыр дагы бир жаран милициянын мыйзамсыз аракетине карата өлкө башчысына Базар-Коргон районундагы жолугушууда кайрылган. Иликтөө иштеринен кийин тиешелүү кызматкер жумушунан алынган. Президентке жеке маселе менен кайрылгандар да көп болот. Маселен, кечээки жолугушууда Жети-Өгүз районун тургуну Улан Үсөнов онкологиялык оору менен ооруп жаткан кызына өлкө башчысынан жардам сурады.

Жеке маселе менен кайрылгандардын көбүнө конкреттүү жардамдар берилип келет. Жергиликтүү тургундар башка бир катар социалдык маселелер боюнча ондогон суроолорду беришти.

Мугалим, дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү да көп берилчү суроолордон. Министр Каныбек Исаков окутуучуларга октябрь айынан тарта жогорулай турган айлык маянанын көлөмү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле тиешелүү мекеме жетекчилери калкты таза суу менен камсыз кылуу, райондогу ирригация тутумун жакшыртуу багытында жасалып жаткан долбоорлор боюнча жооп беришти. Күмтөрдөгү жаратылыш коруктарынын аянты боюнча токой чарба агенттигине бир нече суроо берилди.

Мындай чоң жолугушууларда суроолорго жооп алып калууга ашыгышат. Анткени жергиликтүү бийликтердин аракетсиздигине арыздангандар арбын.

Өлкө башчысы ар бир жашоочунун суроосун угуп, ачык айкын жооп берди. Ар бир жолугушууда шайлоо алдында берилген убадалардын аткарылышы боюнча маалымат жеткирилип, элге кыска отчет берилет. Ачык айкын өткөн баарлашуу бийлик менен элдин байланышын бекемдейт.

Президентке кайрылуулар кат жүзүндө, электрондук түрдө жана коомдук кабылдамалар, ишеним жана кызматтык телефондору аркылуу келет. Андан сырткары өлкө башчысы жыл бою жети облусту кыдырып, ар бир райондун жашоочуларынын көйгөйүн жеринде угуп келүүдө.