Нарын облусунун Ак-Талаа району шарты катаал, өлкөнүн алыскы аймактарынын бири болгондуктан, ага жараша калктын да көйгөйлүү, курч маселелери абдан көп. Ошол эле учурда, аймактарды өнүктүрүү жылында бир топ инфраструктуралык долбоорлор - жол курулуштары, таза суу менен камсыз кылуу, социалдык мекемелерди ишке берүү жагында көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктар бар. Булар тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Ак-Талаа районунун эли менен болгон жолугушуусунда сөз болуп, жергиликтүү тургундар өлкө башчысына чечилбей жаткан бир катар маселелер боюнча суроолорун берип, өз оозунан жооп алышты.
Айтылуу Ак-Талаа району мурастарга бай, сыймык менен айтылчу тарыхы бар өрөөн. Кезинде Улуу Жибек жолунун эки багыты ушул аймак аркылуу өтүп, кыргыз эли гана эмес, коңшу мамлекеттер да бул чөлкөмгө өзгөчө маани берген. Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Тоголок Молдо баштаган нечендеген залкарлар чыккан жер. Президент өз сөзүндө Ак-Талаа районунун кеңири потенциалын, анын жалпы өлкө үчүн маанисин өзгөчө белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунда эки күндүк жумуш сапары менен 21-22-августта болду. Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушууда, мамлекеттик аймактарды өнүктүрүү саясаты, айыл чарбасын жана ишкерликти колдоо боюнча каржы институттарынын ишмердиги, жер-жерлерге инвестицияларды тартуу, таза суу жана ирригация боюнча долбоорлор, сот-укуктук реформанын жүрүшү, коррупция менен күрөшүү чаралары, ошондой эле өлкөнү санариптештирүү жумуштарынын жүрүшү тууралуу айтып берди. Өлкө башчысына суроо бере тургандардын саны да өтө көп болуп чыкты. Жеке ишкер Рыспек Шыгаев дан эгинге болгон баанын жыл сайын төмөндөп жатканын айтты.
Алыскы аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги курч көйгөй. Айлык маянанын аздыгы, жашоо шарттын катаалдыгынан жаш кадрлар көпкө кармалбай кетип калышат.
Социалдык тармак боюнча да бир топ суроолор берилди. Баетов айылынын тургуну
Гулмира Аянова бала асырап алуу ниети көп жылдардан бери ишке ашпай келатканын айтат. Ошол эле учурда өлкөдөгү балдар үйлөрү жана интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын саны өсүп жатканы белгилүү.
Президенттен жардам сурап, жеке маселелери менен келген жергиликтүү тургундар да болду. Жашы жетимишке таяп калган Сүйөркан апанын ден соолугу начар, ал жашоо шарты тууралуу президенттин өзүнө айтып берүү үчүн атайын келген.
Ак-Талаа районунун айрым айылдарында ички, ошондой эле стратегиялык маанидеги жолдордун абалы начар. Бир нече жашоочулар курулуштарында болуп жаткан көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Район аймагындагы сугат суу жана ичүүчү таза суу маселесин да бир нече жашоочулар көтөрүштү. Бул элеттиктердин дээрлик эгемендиктен бери келаткан көйгөйү.
Ал эми мектеп, бала бакча жетишсиздиги ар бир район, айылдардагы актуалдуу маселе. Жергиликтүү тургундар президенттен коррупциядан түшкөн каражатка бала бакчалардын курулушун киргизүүнү да суранышты.
Суроо жооп 4 сааттан ашуун убакытка созулуп, президентке сексенден ашык суроо берилди. Кайрылууну каалаган ар бир жаранга сөз берилди. Жергиликтүү жашоочулар көтөргөн маселелерге президент менен бирге тиешелүү мекеме жетекчилери, министрлер да жооп беришти. Өлкө башчысы айтылган бардык маселелер жоопсуз калбайт деп белгиледи. Жана ар бир арыздын аткарылышы президенттин жеке көзөмөлүндө болот.
Бул карапайым калктын акыркы жыйырма жылдан бери өлкө жетекчилиги менен биринчи жолку көзмө көз сүйлөшүүсү болду. Жумуш сапарынын алкагында президент Ак-Талаа районунда ишке ашырылып жаткан ирригациялык долбоорлор, ички жолдордун реконструкциясы, райондогу мектептин курулуш иштери менен таанышты.