Бишкек шаарында бүгүн экс-президент Роза Отунбаеванын, Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн, жарандык активисттердин жана Борбордук Азиянын беш өлкөсүнөн келген жаштардын катышуусу менен аялдардын абалы боюнча Пекиндеги дүйнөлүк конференциянын 25 жылдыгына арналган жолугушуу өтүүдө.
Бул иш-чаранын максаты болуп, гендердик теңчиликке жетишүүдө тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, ошону менен бирге өзгөрүп жаткан чөйрөдө жаңы ыкмаларды жана стратегияларды чогуу аныктоо болуп эсептелет.