Учурда Чолпон-Атада Президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдеши өтүп жатат. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар жогорку жана биринчи лига болуп эки топкө бөлүнүп күч сынашууда. Оюндар Чолпон-Атадагы ат майданында 26-августта башталган, финалдык беттеш 31-августта өтөт. Биринчи лигада 15 команда ат салышууда. Ал эми жогорку лигада алты команда бар.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги жогорку лигада ойной турган көк бөрү командаларынын тизмесин жарыялады. Анда президенттин кубогу үчүн Чүйдүн "Сары-Өзөн", "Сары-Өзөн-Рассвет", Ысык-Көлдүн "Көл-Төр", Таластын "Кара-Буура", "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командалары күч сынашат.