Жаңылыктар
«Манас айылы» тарых-этнографиялык комплекси кайрадан оңдоодон өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
«Манас айылы» тарых-этнографиялык комплекси кайрадан оңдоодон өткөрүлөт

Борбор калаадагы «Манас айылы» тарых-этнографиялык комплекси кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, жергиликтүү тургундардын жана чет элдик меймандардын эс алуу жайына айланат. 

Дээрлик чейрек кылымдан бери каралбай калган этно комплекстин абалы менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, өлкө башчысы «Манас айылын” толук реконструкциядан өткөрүү зарылдыгын, тарыхый-этнографиялык борбор калаанын маданий дөөлөтү боло аларын баса белгиледи. Борбор убагында Манастын 1000 жылдыгына арналып курулган эле. 


“Манас айылы” тарых этнографиялык комплекси Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. Мындан 24 жыл мурда, тактап айтканда 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгын майрамдоого карата курулуп, анда кыргыздын маданиятын, каада салт, нарк насилин жайылтуу максаты болгон. Бирок, ошол учурда эле маданий жайдын долбоорлоо иштери чийки жүргүзүлүп калган экен.

Ооба, азыркы күндө маданий борбордо сүрөткө түшмөк тургай, ичине кирүүгө деле табит тартпайт. Комплекстин ичин чөп басып, отургучтар, ар кандай жасалгалардын бардыгы сынып, бетондору урай баштаган. 2010-жылы жеңил желпи оңдоп түзөө жүргүзүлгөн, бирок азыр анын изи да көрүнбөйт. 12 гектардан ашык жерди ээлеген борбор учурда Бишкек эркин экономикалык аймагынын карамагында турат.

Маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышуу учурунда президент Сооронбай Жээнбеков комплексти туура башкаруу жана каражаттарды тартуунун зарылчылыгын белгилеп, «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.