Тоң районунда "Саякбай манасчы" көркөм тасмасы тартылган аймак этнокомплекске айланат. Мындай чечим айыл аймактын кеңеши тарабынан кабыл алынып, бул максатта 500 миң сом бөлүндү.
Эске салсак, тасманы тартуу үчүн көл жээгинде атайын үй салынган. Аны аймакка эс алып келген чет элдик туристтер Саякбай манасчынын үйү катары көрүп кетишет.
Эми жарыктандыруу иштери үчүн жабдыктар орнотулат. Жергиликтүүлөр бул жай келечекте көпчүлүк сыймыктанган этнокомплекске айланат деп ишенишүүдө.