Жаңылыктар
Кыргызстанда жарым жылда 5 миң турак жай пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жарым жылда 5 миң турак жай пайдаланууга берилди

Жыл башынан бери Кыргызстандын аймактарында 4 миң 800 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Үйлөрдүн жалпы аянты 551 миң чарчы метрди түзөт. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп. 

Жеке турак жайлардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында пайдаланууга берилген. Былтыр жалпы 9 миңге жакын турак жай курулса, анын 7 миңи жеке үйлөр. 2017-жылы 1 млн. 80 миң чарчы метрлик 10 миң батир эксплуатацияга берилген.