Жаңылыктар
Үсөнбек Ниязбековго полковник наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үсөнбек Ниязбековго полковник наамы ыйгарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев, каза болгон "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгүнүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбековго полковник наамын ыйгарды. 

Опумбаев көз жумган жоокер бул наамды сентябрь айында алышы керек болгонун белгиледи. 

Ниязбеков менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги 7-кичи райондо болуп өттү.