Жаңылыктар
"Zhong Ji Mining" компаниясына лицензия канчанчы жылга чейин берилген?
Кыргызстан жаңылыктары
"Zhong Ji Mining" компаниясына лицензия канчанчы жылга чейин берилген?

"Zhong Ji Mining" компаниясы Солтон-Сары алтын кенинде 2009-жылдан бери иш жүргүзүп келет. "Бучук" аянтын иштетүүгө алгачкы лицензия 2020-жылга чейин берилген.

Кенди иштетүүгө биринчи уруксатты 2009-жылы ошол кездеги Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Капар Курманалиев берген. 

2011-жылы лицензия Замирбек Эсенамановдун, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиевдин, 2018-жылы Сүйүнбек Аликеевдин колу менен узартылган. Иштетиле турган жердин аянты 1500 гектарды түзүп, 211,9 млн сом төлөм төлөгөн. 

Аталган компанияга Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев тарабынан 2013-жылы "Бучук" участогунда "Солтон-Сары" алтын кенин иштетүү үчүн дагы бир лицензия 2033-жылга чейин берилген. Бүгүнкү күндө объектте 473 киши эмгектенет, анын 301и кыргызстандыктар.