Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры жергиликтүү эл менен кеңешип чечилет. Бул тууралуу Премьер-министр өкмөттүн жыйынында билдирди. Солтон-Сары алтын кени боюнча жергиликтүү эл инвесторлорго 84 пункттан турган талап койгон. Алдыда аларды аткаруу милдети турат.
Эскерте кетсек, Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Буга чейин Кытайлык компанияга нааразы болгон тараптар митингге чыгышкан. Буга байланыштуу 7-августта өкмөт компаниянын кендеги ишин убактылуу токтоткон.