6-августта Нарын облустук биргелешкен ооруканасына медициналык жардам алуу үчүн 21 адам кайрылды. Алардын 20сы жаткырылды.
Кайрылгандардын 19у кытайлык "Жонг Жи Майнинг" ишканасынын кызматкерлери, бирөө жергиликтүү тургун. Кытай ишканасынын бир кызматкери амбуратордук дарыланууга которулду.
Кайрылгандар баш мээси чайкалган. Бардык жабырлануучулардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда. Ооруканага жаткандардын баары тиешелүү дарылануудан өтүшөт.
Мындан сырткары, Бишкектеги травматологияжана ортопедия илим изилдөө борборуна 19 жабырлануучу кайрылган. Баардыгы кытай компаниясынын кызматкерлери.
Учурда диагностикадан өтүп жатышат. Ошондой эле Солтон Сары жайлоосунда 3 медициналык тез жардам бригадасы нөөмөттө турат. Медициналык жардам үчүн 29 адам кайрылган. Жергиликтүү тургундар кан басымын текшертишкен. Жаракат алып кайрылгандар жок.