Мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды. Жогорку даражадагы сыйлыкты Президент Сооронбай Жээнбеков 22-июлда Радик Батыршинди кабыл алган учурда тапшырды. Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы менен Радик Батыршин КМШ өлкөлөрүнүн элдери ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөгө кошкон эмгеги жана жеке салымы үчүн сыйланган.
Президенттин тийиштүү жарлыгына 2018-жылы кол коюлган. Сооронбай Жээнбеков КМШда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү жана иш-чараларды чагылдыруу жаатында «Мир» телерадиокомпаниясынын алгылыктуу иштерин канааттануу менен белгиледи. Президент ошондой эле мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы улуттук филиалы өлкөдөгү маанилүү окуяларды күн сайын чагылдырып, кыргызстандыктардын турмушун даңазалап жатканын белгиледи.
Радик Батыршин болсо ал жетектеген каналдын ишмердигин жогору баалаганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Өзүнө ыйгарылган жогорку сыйлыкты көп улуттуу жамааттын жана бүтүндөй телерадиокомпаниянын сыйлыгы катары кабыл аларын, кийинки жылдары Кыргызстандын жетекчилигинин колдоосун ар дайым сезип жаткандыгын айтты.
Радик Батыршин Президент Сооронбай Жээнбековго ошондой эле экономика, кыргызстандыктар, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү тууралуу жаңы долбоорлорду баштоо боюнча телеканалдын пландары жөнүндө айтып берди.
«Биз Кыргызстанды телерадиокомпаниябыздын өсүп-өнүгүшүнүн жана ийгиликтеринин драйверлеринин бири катары көрөбүз. Башкалар менен бирге Кыргызстандын жетекчилигинин да колдоосу менен КМШдагы бирдиктүү маалымат айдыңы өнүгүп жатканы сезилет. Биздин телерадиокомпания дал ушул максатта түзүлгөн»,- деп билдирди Мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин.