8-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 652 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда жыл башынан бери 8 миллион 46 миң кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 960 миллион кВт саатка азыраак дешти.