Жаңылыктар
Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленүүдө

Суусамырдагы Каракол жайлоосунда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. 

Иш-чара улуттук ат оюндары менен коштолууда. Оюндардын программасына көк бөрү, ат чабыш жана балбан күрөш кирген. Кыргыз күрөшүн боюнча мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген балбандар күч сынашууда.

Ошондой эле, кезинде Кожомкул балбан көтөргөн 635 килограммдык таш жана 300 килограммдан ашык атты көтөрүү боюнча балбандар чоң байгеге ат салышат. Кожомкул балбандын мааракесине карата жайлоого ондогон боз үйлөр тигилип, эл чоң оюн-зоок программасына күбө болду.