Балбанды балбан кылган анын атак даңкы менен күчү болгон. Убагында андай балбандар эл оозунан түшпөй, алар тууралуу аңыз кептер айтылып, аты даңазаланып келген болсо, убакыт өткөн сайын алар тууралуу сөздөр эл оозунан түшүп, унутулуп калат экен. Ушундай тагдырга кара-кулжалык Төрөбек балбандын кийинки жашоосу туш болду. Көзү өткөндөн кийин ал тууралуу айтылбай, элдин эсинен чыкты. Бою 2 метр, 40 см, салмагы 130 кг болгон Төрөбек Абакиров кезинде Орто Азияга таанымал балбан болгон.
Кадимки кыргыз кыштагы. Там-сарайда Төрөбек балбандан калган ээр менен үзөңгү турат. Аны небереси Акылбек Үтөңбай уулу анда-санда улак чапканда колдонуп турат экен. Төрөбек Абакиров Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында 1910-жылы туулган. Кең далылуу, элден өзгөчөлөнгөн баланын балалык чагы ошол айылда өтүп, эл оозунда балбан деген лакап аты менен кала берди. Бүчүр кезинде келин болуп келген Баарикан Базаркулова кайнатасы Төрөбек балбан тууралуу жакшыраак айтып бере тургандардын бири.
Балбан 3 уул, 4 кызды тарбиялап өстүргөн. Айттырбай келген шум ажал, 2 уулун о дүйнөгө алып кетет. Ал эми кичүү уулу азыркы кезде Бишкек шаарында жашайт. Неберелери аз да болсо, чоң атасынын жолун жолдоп, спортук иш-чараларга катыша калып жүрүшөт. Ал тургай Төрөбек балбандын небереси экен деп таанып калган учурлар да кездешет дейт дагы бир небереси Жусунбек Абакиров. Төрөбек балбан тууралуу эл оозунда аңыз кеп көп. Ага кийимди атайын буйрутма менен тигип беришчү дейт келини Баарикан Базаркулова. Ал эми Төрөбек балбанды көрүп, жакындан таанып калган инсандар анын адамдык сапаты менен физикалык жактан күчтүүлүгүн айтып түгөтө алышпайт. Аны көрүп калган айылдашы Өктөм Абдымомунованын эскерүүсүн угалы.
Өктөм Абдымомунованын айтымында, балбан тууралуу Кыргызстанда эле эмес, айылда да билгендер аз калган. Улуу муун аз да болсо билет. Алардын бири айылдашы, 94 жаштагы Мойдун Зикиряев, балбандын жанында жүргөн күндөрү бүгүнкүдөй эсинде.
1990-жылы Төрөбек Абакировдун 80-жылдыгы белгиленген. Андан бери эскерилбей, дээрлик унутта калып кетти. Ошентсе да, Кара-Кулжа районунун борбордук стадионуна анын аты берилген. Эми, 2020-жылы балбандын 110 жылдыгын белгилөө аракетин көрүп жатабыз дейт районун акими Пирим Дыйканов.
Төрөбек Абакиров 1986-жылы оорудан улам көз жумат. Боюнун узундугу 2 м, 40 см., салмагы 130 кг болгон. Ал жергиликтүү жана эл аралык спорттук мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алып жүргөнү өзү жазып калтырган акыл-насаат кеңештери камтылган китебинде айтылат. Төрөбек балбан Кыргызстандын спортуна чоң салым кошкон Дөлөн Өмүрзаков менен да үзөңгүлөш болгон.