Бишкектин айрым райондорунда 5 күнгө газ өчүрүлөт.
Маалыматка ылайык, 17-июндан 21-июнга чейин Лев Толстой, Киров, Новопавловка айылы, Чоң Чүй каналы, Ала-Арча даректеринде жашаган 10 000 абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт. Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалууда.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы ыңгайсыздык учун кардарлардан кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.