"Манас" Эл Аралык аэропортуна караштуу Каракол аба майданында 40 жыл мурун курулган асфальттар эскилиги жетти. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттиги текшерүү мезгилинде техникалык талаптар жооп бербей калганын айтып, 2018-жылдын 1-августунан баштап аэропортко чартердик каттамдын конуусуна чек койду.
Буга карата жумушчу орундун саны кыскарып, учурда 6 кызматкер 148 гектарды ээлеген аймакты кайтарууда. Алдыда реконструкциялоо үчүн инвестиция тартуу аракети бар экенин белгилейт.
Гүлжамал Асанкадырова, "Биринч радио"