Жаңылыктар
Июнь айынын башында өлкөдө аба-ырайы туруксуз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь айынын башында өлкөдө аба-ырайы туруксуз болот

Өлкө аймагында 1-июнунда күндүз жана 2-5-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ал эми 2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.