Жаңылыктар
Кыргызстан жарандык коомдун өнүгүшү боюнча алдыда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан  жарандык коомдун өнүгүшү  боюнча алдыда

 Борбор  Азияда   жарандык коомдун өнүгүшү  боюнча Кыргызстан лидерлик сапта. Бул туурасында бүгүн  “Жарандык коом- өнүгүүнүн жаңы жолдору” аттуу регионалдык конференцияда айтылды.   Иш- чарага  Кыргызстан, Казакстан, Таджикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр   катышып,  өз өлкөлөрүндөгү  жарандык коомдун күчү, алар менен мамлекеттик органдардын өз ара байланышы туурасында  маалымат менен алмашты. Конференциянын негизги өзөгү- канткенде жарандык коом менен мамлекет кызматташып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошо алат деген суроого жооп издөөгө арналган.

Бул жакында эле Кызыл- Омполдо уран иштетүүгө каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү өткөргөн акция. Анын күчү өкмөттү кендин аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алууга мажбур кылды. Кен чыккан жердеги эл менен болгон  жолугушууда  Биринчи вице- премьер министр Кубатбек Боронов бийлик эл менен эсептешет  деп билдирген эле

 Чынында жарандык коом Борбор  Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанда кандайдыр бир чечим кабыл алууда мамлекеттик органдарга  түрткү айрым учурда шык берүүчү күчө ээ болуп калды- деп белгилейт  “ Жалпы кызыкчылыктарды издөө” аталышындагы Эл аралык  уюмдун Борбор  Азия боюнча жетекчиси Кеңеш Сайназаров . Бирок ал бейөкмөт уюмдарды эки тапко бөлүп карайт  

Кандай болгондо да  Борбор  Азияда   Кыргызстандын  жарандык коому   лидерлик сапта турат. Мындай пикирин  кошумчалаган   ЖК вице-спикери Аида Касымалиева  аны  Бишкек жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн жаңы жолдорду талкулоо үчүн аянтча түзүп бере алганы менен негиздеди.

 “Өзбекстанда көп масштабдуу реформалар башталды. Анын ичинде жарандык коомдун өнүгүшү үчүн жакшы мыйзам базасы калыптанды”  деп билдирди Өзбекстан Республикасынын президентинин алдындагы  Өнүгүү стратегиясы борборунун директору жана “ Юксалиш”жалпы улуттук кыймылынын башкы директору  Бобур Бекмуродов. Ал бүгүн өлкөдө жарандык коом менен иш алып баруу күн тартибиндеги бир ден- бир маселе деп кошумчалап, президент  экономиканы өнүктүрүү үчүн  инклюзивдүү  коомдук саясий система керек экенин түшүнөт, бийлик бутактарынын  тең салмактоодо,  өлкөнү өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдө  эдин үнү болушу керек- андыктан  жарандык коомду  өнүктүрүү активдүү  жүрүп жатат деп билдирди.

Кыргызстанда  жарандык коом күчтүү өнүккөн, ал стратегиялык документтер менен декемделип турат деп белгиледи   конференциянын жүрүшүндө вице- премьер министр Алтынай Өмүрбекова.

“Жарандык коом- өнүгүүнүн жаңы жолдору” аттуу регионалдык конференцияда жарандык коомго болгон көз карашты өзгөртүү,  кесиптик жана бизнес ассоциацияларды  камтуу   талкуунун негизин түздү.