Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө эки бош орун үчүн сынак жарыялайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция эки бош орунга талапкерлерди көрсөтө алгандыктан жарандык коомдон сунуштарды кабыл алат. Кеңешке мүчө болуу үчүн Кыргызстандын жараны болушу керек жана кош жарандуулугу болбоого тийиш. Ошондой эле, кандайдыр бир партияда катталбаган, абройлуу, буга чейин сот жообуна тартылбаган болушу шарт. Ошондой эле, кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо ага карата реабилитацияланган негиздер боюнча жазык териштирүү иштери токтотулган адам кеңештин мүчөсү боло албайт.
Жарандык коомдон көрсөтүлгөн талапкер жогорку юридикалык билими жана беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, курагы 30 жаштан жогору болуусу шарт. Мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштебеши керек. Ал эми мурда туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган, укук коргоо органдарынын кызматкеринин наамын булгаган же адвокаттык лицензиясынан ажыратылган, бийлик органдарында 50 же андан ашык пайыздык үлүшү бар уюмдарда иштеген, укук коргоо же прокуратура органдарында иштеген, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталгандар Сотторду тандоо кеңештин мүчөсү боло албайт. Документтер 28-декабрга чейин Чүй проспектиси №205 дарегинде кабыл алынат.