Жаңылыктар
Аймактарда банкоматтардын саны жетишсиз
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарда банкоматтардын саны жетишсиз

Арийне, ал райондук борборлордо гана болбосо айылдарда бирөө да орнотулган эмес. Жол тосуп район борборуна келген пенсионерлер акчасын ала албай бир нече сааттап кезек күтүп, убара. 

Ош облусунун Учар айылынын тургуну Асылкан Кадырбекова абышкасы менен таң эрте пенсия алуу үчүн борборго келген. Айылдан шаарга жетүү үчүн эки автобус которуп, бир саат убакыт коротушту. "Ала-Тоо 24" каналынын “Элдик репортёр” рубрикасына тиешелүү органдарга банкоманттын санын көбөйтүүнү суранып кайрылган видео көп келет. Алардын бирин Ат-Башы районунун тургундары жиберген. Кычыраган кышта пенсиясын алам деп бир банкоматты аңдып турган тургундар нааразычылыгын билдирген.

Социалдык фонддон билдиришкендей өлкөдөгү 651 миң пенсионердин 49 пайызы почта, калганы банк аркылуу пенсия алат. Жарандар пенсия куракка байланыштуу документти толтурганда почта же банк аркылуу алуу өтүнүчүн билдиришет. Банктан алуунун артыкчылыгы каалаган убакта алууга болот. Ал эми почта ар бир айдын 15инен 25ине чейин таратат.

Жарандардын пенсиясын төлөө үчүн социалдык фонд 27 банк менен келишим түзгөн. Кайсы банктан пенсия алаарын ыңгайына жараша пенсионер өзү тандайт. Жакындан бери төлөм улуттук элкарт системасы аркылуу жүргүзүлө баштаган. 

 2019-жылдын 1-апрелине карата өлкө аймагына 1600дөн ашык банкомат, он жарым миңден ашык пос-терминал орнотулган. Айта кетчү жагдай, улуттук банк банкомат орнотпойт. Ал коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдин аткарылышын көзөмөлдөйт. Банктын адистери бара-бара банкоматтардын саны көбөйөөрүн билдиришти.

Адистердин билдирүүсүндө, учурда өлкө аймагына орнотулган банкоматтардын саны жетиштүү. Пенсия же айлык тийген убакта гана кезек күтүүлөр болбосо, калган убакта бош турат. Кардардын санына жараша банкоматтарды орнотуу коммерциялык банктын кызыкчылыгында. Аны орнотуу менен кардарынын саны өсөт жана атаандаш алдында аброю көтөрүлөт.