Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач жаңы конуштарынын жашоочулары үчүн Анкара жана Виноград көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы улуттук стилдеги эс алуучу жай ачылды. Ал жерге жыгачтан жасалган чоң көлөмдөгү 3 комуз, отуруучу орундуктар, суу тегирмени жана ыңгайлуу селкинчектер орнотулган. Ландыш гүлүн элестеткен жана Пушкин кылымындагыдай жарыктандыргычтар барган эс алуучуларга жакшы маанай тартуулап көңүл көтөрөт.
Жаңы сквер Бишкек шаарынын мэриясы, "Жашылдандыруу" жана "Тазалык" ишканаларынын алгылыктуу аракетинин натыйжасында ачылды. Мындай эс алуу жайлары келечекте Бишкектин ар бир районунда боло баштайт.