Бишкек шаарында жаңы сейил бак курула баштады. 2020-жылдын 31-августуна карата бүткөрүлүүчү паркка бүгүн түптөө-капсуласы салынды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары, Биринчи май районунун акими жана ордо калаанын жашоочулары катышты.
Бишкек шаарынын тургундарына жана меймандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Калаанын түндүк бөлүгүндөгү Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнүн кесилишине жаңы сейил багы ачылмай болду. 58 миллион сомдук курулуш-монтаждоо иштерин Россиянын курулуш компаниясы колго алды.
Жети жарым гектар аймакты ээлеген сейил бакка топ ойноого ылайыктуу спорт талаалары, скейт, велосипед жүрүүчү жолдор, түрдүү гүлдөр жана бактар менен кооздолгон эс алуу аймактары жана жаш бөбөктөрдүн ойноосуна ылайыкталган аянтчалар салынат. Жаңы парктын курулушу - экологиялык кырдаалдын жакшырышына өбөлгө болмокчу.
Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн болгон күчүн, эмгегин жумшап жаткан калаа башчысынын айтымында, заманбап үлгүдөгү сейил бак 2020-жылдын жай айларынын соңунда бүткөрүлөт.
Эгемендүүлүк күнүндө каалоочулар дал ушул көрктөндүрүлгөн жашыл, жаңы сейил бакка келип эс алышса болот.