1-майда Исхак Масалиев башында турган Кыргызстан коммунисттик партиясынын мүчөлөрү, жаштар, мектеп окуучулары эмгекчилдердин эл аралык тилектештик күнүнө карата эски аянттан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыкты. Алар колдоруна Советтик мамлекеттик ишмерлердин портреттерин, Коммунисттердин желегин жана түркүн түстүү шарларлы кармап алышып, эмгекчилердин майрамы менен шаар тургундарын куттукташты.
Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан жөө жүрүштүн катышуучуларын оркестр тосуп алды. Иш-чаранын уюштуруучулары чогулгандардын алдында эмгекчилердин майрамынын мааниси тууралуу сөздөрдү айтып, элди эмгекке, биримдикке, ал эми жумуш берүүчүлөрдү жумушчулардын укугун коргоого чакырышты. Майрамдын катышуучулары соңунда вальс бийлешти.