Жалал-Абад шаарында “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышында жөө жүрүш марафону өттү.
Саамалык Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына жана 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө утурлай уюшулду. Жүрүшкө калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана сергек жашоого кайдыгер карабаган жарандар катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты – шаар тургундарын жана жаштарды спортту сүйүүгө, сергек жашоого чакыруу.
Марафон борбордук аянтта атайын концерттик программа менен коштолду.