Ош шаарында Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" аттуу биринчи телекоммуникациялык форум өтүп жатат. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, депутаттар, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлү катышып жатышат.
Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда. Чет элдик жана ата мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги тажрыйбаны карашууда.