Кытайдын Кыргызстандагы консулдук бөлүмү кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жекече туристтик визаны берүү 2017-жылдын башында токтотулган. Уруксат кагазын беш адамдан турган топ гана ала алчу. Учурда элчиликтен "L" категориясындагы жекече туристтик визалар берилүүдө. Кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу жазылса болот. Ошондой эле интернет ресурска керектүү документтердин тизмеси жарыяланды.