Чет өлкөгө иштейм деп кетип жаткандар, аларга ортомчу болгон компаниянын берген убадасын жакшылап талдап, текшериши зарыл. Анткени, лицензиялуу компаниялардын атын жамынып, очойгон эмгек акы, үч маал тамак, жаткан жериң бекер деп курулай убада бергендер көбөйдү. Соцтармактарда алданып, талаада калган кыргыз жарандарынын видеосу байма-бай тараганы буга далил. Эмгек мигранты дагы кайсы негиздерге көңүл буруусу керек?
Чет өлкөгө кыргыз мигранттарын алдап жөнөтүп жаткан шылуундар көбөйдү. Барганда байып кетесиң деп катыра мактап, бул үчүн белгилүү бир сумманы төлөтөт. Карызга батып, жумуш таппай жүргөн мигранттын кулагына майдай жагып, ортомчунун айтканына шыр эле көнөт.
Москвадан 300 чакырым алыс, Россиянын Украина менен чектешкен аймагы. Кычыраган кыштын 20 градус суугунда бул кыргыз жигиттери талаада калды. Алдангандар болгон тыйынын берип, иштеп кайра таап алам деген үмүт менен барышкан.
Бул мигранттар Кыргызстандан жөнөп жаткан шарттар менен ал жакка баргандагы шарттар эки башка чыгып калганын айтып нааразы. Айланы кеткенде үшкүрүнүп отуруп калышты.
Кыргызстанда эмгек мигранттарын дүйнөнүн 17 өлкөсүнө жөнөтүүгө уруксат алган 85 компания бар. Жарандардан келип түшкөн арыз даттануулардан улам 2 компаниянын лецензиясы жокко чыгарылган.
Быйылкы жылдын эсебинен ондон ашык материал экотехинспекцияга айып пулга жыгууга, 20 иш ички иштер министрлигине жиберилген. Материалдын көпчүлүгү эмгек мигрантын жумушка жөнөтүнү тастыктаган уруксат кагазы жоктор жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүүдө келишимди бузгандар.
Эмгек мигрантынын эсине. Эгерде чет өлкөдө жумушка орноштурууга көмөк көрсөткөн жеке тараптар өтө эле жагымдуу шартты сунуштап, асмандын башын убада кылса, кеңсеси туруктуу эмес болсо, же телефон номери ар дайым өзгөрүп, шойкомдуу болсо алар менен байланышты эртерээк эле үзгөн жакшы.