Чагымчыл материалдарды жайылткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, соңку кезде WhatsApp жана башка социалдык тармактарда ар түрдүү коркунучтарды камтыган аудио жана видео маалыматтар жайылууда.
Алсак, кинотеатрларда оору жуктура турган ийнелердин табылышы боюнча ушактар текшерилгенде, ал такталган жок. Ал тууралуу бир дагы жабырлануучу кайрылган эмес.
Учурда тартип сакчылары коомчулукка чагымчыл, жалган маалыматтарды жайылткандардын өздүгүн тактап жатат. ИИМ жарандарды социалдык тармактар аркылуу жайылып жаткан чагымчыл, жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.