Жаңылыктар
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландаланууда

Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосунда түз авиакаттам ачылышы мүмкүн. Бул багытта мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында талкууга алынды. 

Демилгечилердин айтымында түз каттамдын ачылышы менен жарандардын убакытын жана акча каражатын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда туристтердин көп келүүсүнө да ыңгайлуу болоорун адистер белгилешүүдө.

Бүгүнкү күндө бир топ мекендештерибиз Катар мамлекетинде эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келишүүдө. Тилекке каршы түз каттам болбогондуктан Түркиянын Стамбул шаары аркылуу учуп, бир топ убакытын жана каражатын сарптап жаткандыгын билдирип келишет. Деген менен эми мындай кыйынчылыктарга богот коюлушу мүмкүн. Себеби "2018-жылыдын 21-январында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору 21-ноябрда Жогорку Кеңеште каралды.  

Более подробно вы сможете услышать материал в аудио записи.

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"