Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал. Жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, кийинки жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмуна арыз жазса, алар Кыргызстандын маалымдамасын экинчи кварталда карайт.
2017-жылы ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу учурда 90 пайызга ишке ашты. Буга чейин жайында эки инспектор келип иштеп кеткен, азыр дагы эки инспектор келип жардам берип жатат.