Коруктарга коюлган фотокапкандар айбандардын көп түрүн сүрөткө тартып алды. Сүрөттөрдө көрүнгөндөй, кыргыз тоолорун аюу, ак илбирс, карышкыр, түлкү, аркар, теке, кашкулак, мадыл, үкү жана канаттуулардын сейрек кездешүүчү түрлөрү байырлоодо.
Кызгылт фламингону эми Кыргызстанда да кездештирүүгө болот. Бул канаттуулар мурда Кыргызстандын асманынан гана учуп өтүшчү. Быйыл болсо, экзотикалык куштар Ысык-Көлгө кыштаганы келген. Аларды сүрөтчү Иван Турковский тартып алган.