Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин министрлер кабинетинин төрагасы Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.
Өлкө башчысы, убагында Султан Ибраимовдун элесине болгон сый-урмат, анын жасап кеткен эмгектери толук түрдө бааланбай, расмий түрдө жазылбай калгандай туюлат деп белгилеп, Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наамды ыйгаруу демилгесин көтөрдү.