Чүй облусунун аймагында отунга үнөмдүү болгон очокторду салуу акыркы күндөрү эл арасында тез жайылып, кызыккандар көбөйдү. Бул тууралуу очок менен мештерди салган уста Максат Абакиров билдирди. Максаттын айтымында ал жыл башынан бери 180ге жакын очок салган. Заказдар ушунчалык көп болгондуктан үйгө барган учурларым деле аз болуп калды деп белгилейт.
Уюштуруу иштерин “Айылдык жаштарга кесип үйрөтүү” коомдук фонду аткарууда. Алардын айтымында мындай очоктор отунду эки эсе аз коротуп, кожоюндун капчыгына бир топ эле пайда алып келет. Очокту бир, эки, үч көздүү кылып, түрдүү кылып жасап алса болот. Өзгөчөлүгү буга чейинки очоктордо оттун жалыны негизинен морго кетип, казанга бир аз бөлүгү (40-50%) гана тийип калса, бул очоктордун жалыны казанга толук тиет.
Анткени очокту салганда тегерете туюк кылып көтөрүп, тулганы коёрго жеткени калганда тегерете (жарты кирпичтин эниндеги бир нече тешиктер) тешиктер чыгарылат. Иш жүзүндө очокто жагылган отун дароо эле негизги мор аркылуу “асманга сорулуп кетпейт”, жалын толугу менен казанды ысытып, таманына тегиз тиет. Ашкан жалын казанды ысыткандан кийин тулганын алдындагы бардык тарапка кеткен тешиктер аркылуу тегиз чыгат. Натыйжада казан тез ысып, чакан эле чырпыкка тамак бышырып алса болот.
Үнөмдүүлүккө мисал катары айта кетсек Ысык-Көл облусундагы Саруу айылындагы “Нур” балдар бакчасына дагы үч көздүү очок салынган. Ал жерде тарбияланган 220 балага түшкү тамакты бышыруу үчүн 2 кг эле көмүр керектелет деп билдирет анын жетекчиси Жаңыл Акматова.
Жаңыл Акматова, Саруу айылындагы “Нур” балдар бакчасынын директору:
Азыркы мезгилде биздин бакчада 220 бала тарбияланат. Долбоор бизге 3 көздүү очокту акысыз салып берген. Ошондон бери балдарыбыздын бардыгы бакчага үзгүлтүксүз келип калды. Очоктун артыкчылыгын да айта кетпесем болбойт. Бизге мисалы балдарга тамак жасаш үчүн 1 айга бир мүшөк эле көмүр жетет. Бир аз чырпык жагып туруп эле 2 килограммга жетпеген бир аз көмүр салып койсок, бир чоң казан тамакты бышырганга жетет. Мурда очок жок кезде кокус айылда свет өчүп калса ошончо бала бакчага келбей, алардын ата-энеси да үйүндө бала багып, тыштагы жумуштарын бүткөрө албай калышчу. Азыр андай нерсе жок. Кыргызстанда ушул сыяктуу жашыл экономиканы айыл жерине жеткирүү үчүн өкмөткө көмөктөшүп жаткан уюмга жана ушул долбоорду ишке ашырып жаткан тараптардын бардыгына чын дилден ыраазычылыгымды билдирем.