Жаңылыктар
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден тонналаган таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден тонналаган таштанды чыгарылды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден "Тазалык" ишканасы тонналаган таштандыны чыгарды. Маалыматка ылайык, үйдүн тургундары батирлерди суу каптап жатат деп атайын кызматты чакырышкан. 

Көп кабаттуу үйдүн биринчи, экинчи кабаттарын суу баскан. 3-кабатта жашаган 80 жаштагы экинчи топтогу майып кемпир 3 бөлмөлүү батирине таштанды алып келип жыйнаган. 

Ал батиринин эшигин көпкө чейин ачкан эмес. Окуя болгон жерге аймактык милиция менен "Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү келген. Жалпы эсеп менен 10 чакты машина таштанды чыгарылган. 

Таштанды арасында 5, 10 номиналындагы тыйындар менен майда акчалар да чыкты. Алардын бардыгы саналгандан кийин үй ээсине берилерин укук коргоо органдары билдирди. Былтыр, 2017-жылы, "Тазалык" кызматы калаа тургунунун үйүнөн үч машина таштанды чыгарган.