Жаңылыктар
Бишкек - Москва каттамындагы поезддердин жол киреси арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Москва каттамындагы поезддердин жол киреси  арзандады

Бишкек - Москва каттамындагы поезддердин жол киреси 55 пайызга чейин арзандады. 

"Кыргыз Темир жолу" ишканасы улуттук компаниясынын маалыматына караганда, эгер сапарга чыгам деген жүргүнчү билетти 45 суткадан 41 суткага чейин мурда алса, купе вагондорундагы орунга 55 пайыздык жеңилдик каралган. 

Ал эми 40 суткадан 9 суткага чейин мурда алса 45 пайыздык жеңилдик болот.