Жаңылыктар
Жолчулар айдоочуларга карата кандай камкордук көрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Жолчулар айдоочуларга карата кандай камкордук көрүп жатат?

Быйыл кыш чилдесиндегидей ызгаар суук ноябрь айынын ортосунда эле келип калат деп көптөрү күтпөсө керек. 

Бир сутканын ичинде жааган кар кызыл ашыктан ашып, ал эми сууктун күчү түнкүсүн -15-18ге чейин жетип жатты. 

Шаар көчөлөрүн кардан тазалоо көп деле түйшүктү жараткан жок, Тазалык ишканасынын 40тан ашык техникасы жолдорго техникалык туз жана кумду өз убагында сээп, тазалоо иштери азыркы учурга чейин жүрүп жатат.

Күтүлгөндөй эле көйгөй республикалык маанидеги трассаларда орун алды. Белгилүү болгондой Төө-Ашуу, Ала Белде кар башка аймактарга караганда эки эсе көп түшөт эмеспи. Ашууда тазалоо иштери жүрүп жатканда жолдордо убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Капыстан келген сууктун кесепети да оңой болгон жок. Узак трассаларда, ошондой эле шаар ичи дагы ондогон жол кырсыктары орун алып, анын башкы себеби жайкы дөңгөлөктөрдүн кышкыга алмаштырылбаганы. 

Кар жааган күнү борбор калаадагы техникалык тейлөө жайларында узун кезектер пайда болуп, 5-6 сааттан кезек күткөндөр болду. 

Катуу суук бир гана жолдордогу абалга эмес, электр жарыгына да таасир этти. Борбор калаанын тегерегиндеги айрым конуштарда свет сааттап өчүп, көмөк чордондордо авариялык абал жаралды.