Аймактарды өнүктүрүү жылында Базар-Коргон районунун 4 айылына таза суу тартылып, суу чоргосу 600 кожолуктун короосуна чейин киргизилди. Азыркы учурда суу түтүктөрүн тарттуу иштери Базар-Коргон айылында жүрүп жатат. Бул максатта атайын инвестиция тартылган.
Быйыл калкты таза суу менен камсыздоо аракети Базар-Коргон районунда жакшы жолго коюлган. Ичүүчү суу менен камсыз болуп калган айылдардын бири Акман айыл өкмөтүндөгү Колот айылы. Буга чейин айыл ичинде суу түтүктөрү болгону менен, аралыгы алыс болуп, ташып ичүү жагы элди кыйнап туран. Эми 22 жерге суу түтүктөрү орнотулган. Андан сырткары, 70 кожолук үй алдына чейин суу тартып алган.
Таза суу киргизүү иштери чет өлкөлүк фондун колдоосу менен ишке ашып, 2 жарым миллион сом кеткен. Инвестиция тартуу менен эле чектелип калбаган айыл өкмөт башчысы, эл менен биргеликте суу түтүкчөлөрүн көмүү иштерин аткарышты.
Ал эми Бешик-Жол айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы эски суу тутуму толук жаңыланып, 400 кожолуктун үйүнө чейин суу кирген. Ичүүчү суу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында кайтарымсыз гранттык негизде берилген 4 миллион жана айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 800 миң сомдук каржат менен ишке ашкан. Эл менен болгон сүйлөшүүлөрдүн кийин жана айылдык кеңештин токтомунун негизинде суунун тоннасы 20 сом деп бекитилген.
Базар-Коргон айылы боюнча быйыл 11 көчөгө таза суу тартуу пландалып, жумуш четинен жасалууда. Учурда суу түтүгүн казып-көмүү иштери Култаев көчөсүндө кызуу жүрүүдө. Таза сууга кеткен каражат айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп, иштин жүрүшүнө эл да көмөктөшүүдө. Култаев көчөсүндө жүрүп жаткан жумушу аяктаса, жалпы 150 дөн ашуун кожолук суу менен камсыз болуп калат.
Быйыл район боюнча 14 миңден ашуун калк таза суу менен камсыз болду. Ал эми чет элден тартылган инвестициянын көлөмү 11 миллион сомдон ашкан.