Жаңылыктар
Чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды

Таластагы "Чоң-Капка" бекетинде Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Мекемеден билдиришкендей, чек араны мыйзамсыз кесип өтөйүн деген жаран 22 жаштагы кызга таандык паспортту көрсөткөн. 

Бирок ал бир нече суроого жооп бере албай калып күмөн жараткан. Текшере келгенде документти көрсөткөн кыз башка жаран экени, ага сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан, эгизинин паспортун колдонгону аныкталды. Тийиштүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.