Жаңылыктар
Жалал-Абад: аймактарда айылдык фонддор түзүлө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: аймактарда айылдык фонддор түзүлө баштады

Аймактарда айылдык фонддор түзүлө баштады. Бул фонддор элеттен чыккан ишкер адамдардын колдоосуна ээ болуп, жергиликтүү бийлик менен көп тараптуу кызматташууга ыкташкан. Мындай иш Сузактын Кыз-Көл айылынын да керегине жарады. Мында айылдык фонддун эсебинде топтогон каражатка жаңы заманбап эмкана курулуп, көпүрө жана башка объектилер оңдолду. 


Кыз-Көл чакан айыл. Кыштакта 200гө чукул кожолук бар. Анткени менен миңге чамалаган тургун жашаган айылда элет турмушун жакшыртуу аракети күч.

Буга чейин айылда эмкана үчүн эптүү имарат деле болгон эмес. Үй шартында жасалган эмканага айылдыктар ден соолук издеп келүүдөн деле тартынышчу дейт Айжаркын Эргешова. Бирок ушул маселе эл күчү менен жөнгө салынып, азыр эми жаңы курулган имаратта саламаттыкка кам көрүү да ойдогудай болуп калган. Айжаркын айым бул күнү кан басымын өлчөтүү үчүн дарыгерге келген.