Быйыл жыл соңуна чейин, Ош облусундагы он айылга таза суу жетет. Булар - буга чейин таза суу түтүгү таптакыр тартылбаган алыскы айылдар.
Муну менен аймактын элинин таза суу менен камсыздалуусу 80 пайызга жетерин адистер билдирет.
Бүгүнкү күнгө облустун калкынын 76 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Ал эми облуста жалпы 484 калктуу конуш же, 1млн.183 миңден ашуун эл жашайт.