Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кылмыш ишин иликтөө экспертизанын айынан создуктурулууда. Бул тууралуу УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу укук тартиби, кылмышка каршы күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты. Анын билдирүүсүнө ылайык, экспертиза долбоорду ишке ашырууда короткон чыгымдын суммасын аныкташы керек.
Кылмыш ишти иликтөө ноябрдын аягында жыйынтыкталат. ЖЭБдеги кырсык мамлекетке 89 миллион 699 миң сом чыгаша алып келген. Анын 12 миллиону кырсыкты жоюуга сарпталган. Учурда эксперттер реконструкциялоого чындыгында канча акча коротулушу керектигин аныктап жатат, - деди Сагынбек Самидин уулу.