Жаңылыктар
Келечекте куурчак тигүүчү цех ачууну максат кылган ишкер айым
Кыргызстан жаңылыктары
Келечекте куурчак тигүүчү цех ачууну максат кылган ишкер айым

Көңүлгө төп иши менен алектенген Жылдыз Турдалиева жергиликтүү жана чет элдик керектөөчүлөргө ири көлөмдөгү куурчактарды даярдап келет. Бул кавказ улутундагы эркектин образындагы куурчактын башы. Кырдач мурун, топусу жана күлкүлүү муруту бар. Көбүнчө муну кийип алып майрамдык иш-чараларда элди шаңга бөлөшөт. Жылдыз айымдын туруктуу кардарлары - бий ансамбли, шоу программаларды уюштурган аниматорлор, чет элдик жана ата мекендик ири компаниялар. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамынын табериги болгон ак шумкар дагы Жылдыз айымдын кол эмгеги. 

Жылдыз Турдалиева 18 жыл шаардык төрөтканалардын биринде медайым болуп иштеген. Акыркы 7 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет. Бала кезинен тигүүчүлүккө шыгы болуп, акыры сүйгөн хоббисин - кесипке айланткан. Бул үчүн атайын тигүүчүлүккө үйрөткөн курска да катышкан. 3 баланы тарбиялаган 45 жаштагы Жылдыз айымдын улуу кызы 4 ай мурда көз жарып, апасын небере менен сүйүнткөн. Небересинин ыңгайы үчүн керебетин тегерете жумшак жаздыктар менен кооздогон.

Кардар мага тапшырык кылганда мен аны кантип тигеримди билем. Анткени куурчакты 3д түрүндө көрөм. Кадимки тигүүчүлөр мындайды тиге албайт. Чыныгы чыгармачыл кишилердин ой жүгүртүүсү башкача болот эмеспи. Жылдыз айымдын келечекте куурчак тиге турган цех ачып, үй-бүлөсүнүн экономикасын чыңдап, өкмөттүн көзүн карабай, өлкөнүн өнүгүшүнө да өз үлүшүн кошсом деген максаты бар.