Жаңылыктар
Кышка даярдыгы жок айдоочулар кыймылды жайлатып, жол тыгындарын жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка даярдыгы жок айдоочулар кыймылды жайлатып, жол тыгындарын жаратууда

Бир суткага жакын тынбай жааган кар Бишкекте жол кыймылын жайлатып, тыгындарды жаратты. 

Буга шаардын көчөлөрүндө жүргөн жеңил унаалардын 80% жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкканы башкы себеп катары айтылууда. Дөңгөлөгүн кышка камдап жетишпегендердин арасында эл ташыган коомдук транспорттор да бар.

Дөңгөлөк алмаштыруучу жайда жумуш кызуу. Унаа жолго чейин биринин артына экинчиси тизилип кезек күткөн айдоочулар. 

Жайдын ичинде колу колуна тийбей жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып жаткан усталар. Кардарлардын талабын аткаруу үчүн мындагы адистер түн бир оокумга чейин иштеп, ар бири 60ка чейин унаанын дөңгөлөгүн алмаштырууга туура келип жатканын айтышты.