Жалал-Абад облусунда утурумдук жол жамоо иштери дагы деле аткарылып бүтө элек. Мындан улам жаздан бери чукулган бойдон турган чуңкурлар түйшүккө салууда дейт айдоочулар. Сузак районунун Гавриловка айылын аралап өткөн жол май айында чукулуп, ушул күнгө чейин жамалбай турат. Бирок, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жол чарба департаментинин Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Камилжан Абдыкалыков, облус аймагындагы утурумдук жол жамоо жумушу ушул жылдан июнь айынын аягында эле толугу менен жамалап бүткөн деп ишендирет. Быйыл Жалал-Абад облусуна утурумдук жол жамоо, жаңы асфальт басуу иштери үчүн 133 миллион сом бөлүнгөн.
“Утурумдук жол жамоо иштери июнь айынын аягында эле толугу менен бүтүргөнбүз”,- деди Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жол чарба департаментинин Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Камилжан Абдыкалыков.
“Май айында чукулган, ошол бойдон акыбал ушул. Чукугандан кийин жаман койсо болот эле. Биз кыйналдык. Ишке болгон көзмөлдүн жоктугу деп ойлойм”,- деди айдоочу Манас Сариев.