Жаңылыктар
Өлкө аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат

Өлкө аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Кыргызгидрометтин маалыматында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын карга айланса, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. 

12-13-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында дагы кар түшөт. Тоолуу райондордо кар күрткү болуп чогулуп, жолдор тайгак болот. Мындан улам абанын табы дагы кескин түшүп, түнкүсүн 11 градуска чейин төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайлоолордо мал кармоону кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып, үзүлүп кетиши ыктымал. 

Ал эми "Тазалык" муниципалдык кызматы Бишкек шаарында таңдан тарта жааган карды атайын техника менен тазалоодо. Жолдорго таңкы саат төрттөн баштап беш-алты саат аралыгында 92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз себилди. Ага 25 бирдик атайын техника, карды тазалоочу 18 шайман, кум чачкан, кар жүктөгөн жана универсалдуу бир нече автоунаа иштеген. Бишкек мэриясынан жолдор менен тротуарларды тазалоо улана тургандыгын билдиришти. Бул үчүн 740 кызматкер тартылып, шаарды санитардык тазалоодо 113 техника иштеп жатат.